www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстанда 12 жылдык жалпы орто билим берүү концепциясын жана жол картасын иштеп жаткан жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Жыйынга билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, жумушчу топко КРнын мектептик билим берүүнүн 12 жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде жалпы билим берүүнүн 12 жылдык мектеп системасына өтүүнү негиздеген маалыматтарды даярдоону тапшырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы №99-т тескемесин аткаруу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоого, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде интеграциялоого багытталган мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу, анын түзүмүн өркүндөтүү максатында “Жумушчу топ түзүү жөнүндө” №503\1 буйругу чыккан.

Буйрукка ылайык атайын жумушчу топ түзүлүп, анын курамына окумуштуулар, илимий кызматкерлер, тажрыйбалуу практик педагогдор жана билим берүү тармагындагы эксперттер кирген.

Жумушчу топ Кыргызстанда 12 жылдык жалпы орто билим берүү концепциясын жана жол картасын иштеп чыгып, министрлер кабинетине сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости