www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпысынан Москва аэропортторунда абал туруктуу. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин 1-катчысы Бакыт Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын 51 жараны өлкөгө кайтып келүүгө аргасыз болгон. Алардын Кыргызстанга учуп келүүсүн «Аэрофлот» авиакомпаниясы тарабынан уюштурулган. Элчилик аэропорттордогу кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда, абал салыштырмалуу туруктуу. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринин маалыматына ылайык, учурда аэропорттордо кыргызстандыктардын топтолуусу байкалган жок.

"Россия тарап Борбор Азиядан же айрым мамлекеттерден келген жарандарды өз аймагына киргизбөө боюнча эч кандай расмий билдирүү жасай элек. Ошондой эле биз жарандардын Россияга баруусуна тыюу сала албайбыз. Болгону жарандардан Россия күчөтүлгөн режимди алып салмайынча сапарга чыкпай туруусун өтүндүк. Бул режим качан алынары азырынча белгисиз”, - деди тышкы саясий ведомствонун өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости