www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1000 сом менен Нарынга учууга болот

“Кыргызстандын аэропорттору” ААК жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Нарын – Бишкек багыты боюнча атайын акциялык кампания башталганын билдирди.

Маалым болгондой, 1-майдан тарта жүргүнчүлөр үчүн бир тарапка 1000 сом өлчөмүндөгү туруктуу тариф киргизилет. Бул борбор менен Нарын облусунун ортосундагы аба каттамдарын кыйла жеткиликтүү кылат.

Ошондой эле бул демилге аймактар ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө, ички туризмди колдоого жана алыскы региондордун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Акция 2026-жылдын 31-июлуна чейин уланат.

“Бишкек – Нарын багыты боюнча туруктуу тарифти киргизүү – бул аймактык авиацияны өнүктүрүүдөгү жана ички туризмди колдоодогу маанилүү кадам. Нарын облусу уникалдуу жаратылыш потенциалына ээ жана биз мындай демилгелер аркылуу көп адамдар бул аймакты жакындан таанып-биле алат деп ишенебиз”, - деп белгиледи “Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.

Последние новости