www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев кыргызстандыктарды 1-май Эмгекчилердин күнү менен куттуктады.
"Урматтуу мекендештер, эмгекчилер жана эмгек ардагерлери!
Сиздерди Эмгек жана жаз майрамы – 1-Май майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Бул күн жаңылануунун, тилектештиктин жана эмгектенген адамга болгон терең урматтын символу болуп эсептелет. Ал өз колу, акылы жана таланты менен өлкөбүздүн келечегин жараткан, ак ниет жана тырышчаак эмгектин чыныгы баасын билген адамдардын баарын бириктирет.
Бул майрам күнү биз өндүрүштөн жана айыл чарбасынан баштап билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармактарына чейинки бардык кесип ээлерин куттуктайбыз.
Сиздердин энергияңыздар, жоопкерчилигиңиздер жана ишке берилгендигиңиздер – үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугунун, экономикалык кубаттуулуктун жана бүтүндөй мамлекеттин социалдык туруктуулугунун бекем пайдубалы.
Эмгек министрлиги үчүн татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу, эмгекчилердин укуктарын коргоо, эмгек акыны жогорулатуу жана өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
Биз ар бир адам өзүнүн потенциалын толук ишке ашырып, эртеңки күнгө ишенимдүү болуусун каалайбыз", - деп айтылат куттуктоодо.