www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда эмгекчилердин укуктарына байланышкан маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. 

Жыйын башталаар алдында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, алгач 1-май – Эмгек майрамына карата өлкөнүн жалпы эмгек адамдарын куттуктап, акыркы беш жылдын ичинде Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында экономикада олуттуу өзгөрүүлөр болуп, көптөгөн жумуш орундары түзүлгөнүн, анын ичинде эмгекчилердин укугун ишке ашыруу кыйла жакшырганын билдирди. 

Отурумда эмгекчилердин укуктарын коргоо, татыктуу эмгек шарттарын түзүү боюнча аткарылган иштер, ошондой эле, эмгек укуктарын жана социалдык кепилдиктерин камсыздоо боюнча чаралар тууралуу эки маселе каралды. 

Анда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын баяндамалары угулду. 

Тиешелүү ведомстволордун жетекчилери өлкөдөгү жалпы эмгек адамдарынын социалдык-эмгектик укуктарынын ишке ашырылышы, бүгүнкү күндөгү рыноктук шарттарда кызматкерлердин айрым маселелери жана эмгекчилерге укуктук колдоо көрсөтүү сыяктуу багыттарда аткарган иштерин маалымдашты. 

Отурумдун жыйынтыгында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев эмгек мыйзамдарынын сакталышы жана жамааттык келишимдердин аткарылышы зарылдыгын белгилеп, бул багытта тийиштүү мамлекеттик органдар биргеликте күчөтүлгөн тартипте жана натыйжалуу иш алып баруусун тапшырды.

Последние новости