www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүңүздү чөнтөкчүдөн кантип коргоо керек? ИИМ кеңеш берет

Ички иштер министрлиги жарандарга чөнтөкчүлөрдөн коргонуу боюнча бир катар кеңештерди берет.

Ведомстводон маалымдашкандай, ар бир адам чөнтөк уурулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн, анткени кылмыштын бул түрү күтүлбөгөн жерден орун алат. Чөнтөк уурулуктун көбүнчөсү коомдук транспортто, соода жана базар комплекстеринде, эл көп чогулган жерлерде болот.

Көпчүлүк учурларда уурулукка – буюмдардын ээлеринин этиятсыздыгы себеп болгон. Ошондуктан, жөнөкөй эрежелерди сактоо менен, чөнтөк уурулукту болтурбоо өзгөчө маанилүү:

- ⁠эл көп топтолгон транспортто, дүкөндөрдө же башка коомдук жайларда буюмдарыӊыздарга өзгөчө көңүл бөлүп, сак болуӊуздар;
- капчыктарыӊыздар кийимиӊиздерден ачык көрүнбөсүнө көңүл буруңуз, анткени бул жагдай чөнтөк уурулардын көңүлүн өзүнө бурарын эсиӊиздерден чыгарбаӊыздар;
- уюлдук телефонду бейтааныш, же болбосо чочун адамдарга бербеңиз;
- коомдук транспорттордо, же болбосо эл көп топтолгон башка жайларда уюлдук телефонду курга илүүнүн, же аны атайын жипке байлап, мойнуңуздарга байлап коюнун кажети жок. Кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салып коюӊуздар.
- көңүл ачуучу жайларда уюлдук телефонду столдун үстүндө, отургучта жана кийим чечинген бөлмөдө кароосуз калтырбаңыз;
- төш чөнтөк капчыктарды колдонуңуз - бул сактоонун эң ишенимдүү ыкмасы, анткени мындай учурларда чөнтөкчүлөр байкатбай уурдай алышпайт;
- сумкаңыздын сыдырмасынын бекитилгендигин текшерип, эл көп жүргөн жерде сумкаңызды бекем кармаңыз;
- эч качан акча каражат салынуучу капчыкты соода арабасына салбаңыз;
- сизге артыныздан, же болбосо капталыӊыздан жакындап турууга аракет кылып жаткан адамдарга ар дайым көңүл буруп туруңуз;
- үйдөн чыгып жаткан мезгилде, капчыгыңызда канча акча каражаты бар экенин эсептеп чыгыңыз. Максаты жок, ашыкча акча каражатын алып жүрбөӊүз;
- капчыктын ичиндеги акча каражатын элдин көзүнчө эсептебеңиз.

Ички иштер министрлиги эгер сиз уурулардын колунан жабыр тарткан, же кылмышка күбө болуп калсаңыз, анда дароо кыска 102 номуру аркылуу байланышууну эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости