www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак беришти. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүндөгү бир нече булак билдирген.
Алардын маалыматына ылайык, сурактар бир нече саатка созулган. Андан кийин үчөө тең ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын имаратынан чыгып кетишкен.
Тергөө аракеттери так эмнеге байланыштуу болгону расмий түрдө айтылган жок. Болжол менен, сурак “75тин каты” деп аталган окуяга байланыштуу болушу мүмкүн, деп жазган аты аталган редакция.
Айрым маалыматтарга таянсак жакынкы күндөрү Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу камакка алынаары айтылууда.
Ал эми, адвокат Шердор Абдыкапаровдун айтымында, Нурланбек Тургунбек уулуна, Камчыбек Ташиевге, Курманкул Зулушевге "бийликти басып алуу" беренеси боюнча айып угузулду.