www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн ИИМдин кызматкери катары тааныштырган Ч.Р.Ж. аттуу жаран кармалды. Бул  тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК укук коргоо тутумун контрчалгындоо багытында камсыз кылуу иштерин жүргүзүүнүн алкагында өзүн ИИМ кызматкери катары тааныштырган КР жараны Ч.Р.Ж.нын мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат алган.

Аталган жаран ИИМдин жетекчилиги менен байланышы бар экенин айтып, КР жараны Ж.А.Ж.нын ишенимине кирип, алдоо жолу менен андан 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алгандыгы аныкталган. Мындан тышкары, А.Ж.га карата Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБи тарабынан кылмыш иши козголгон.

Аталган Ч.Р.Ж., Ж.А.Ж.ны коркутуп, Свердлов райондук ИИБинин тергөөчүлөрү жакын арада ага карата эркинен ажыратуу чарасын колдонууну көздөп жатканын билдирген. Ошол эле учурда ал тергөөнүн позициясына таасир эте ала турганын жана маселени жөнгө салууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, бул үчүн кошумча 2 миң АКШ долларын талап кылган.

2026-жылдын 18-февралында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында 45 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен Ч.Р.Ж. кармалып, КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Последние новости