www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов күйүүчү майдын баасын арзандатуу боюнча иш алып баруу зарылдыгын айтты.

"Ушул жерде Мухаммедкалый Абылгазиев отчётун тапшырып жатканда күйүүчү майдын баасын түшүрөм деп убада берди эле. Азыркы күнгө чейин күйүүчү майдын баасы түшкөн жок. Биринчи кезекте ушул маселени кароо керек", - деди ал.

Ошону менен катар эле депутат Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болуп жатканы боюнча маселе көтөрдү. Ал бул маселеге көңүл буруу керектигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости