www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылмышат го чиркин

Жел кайсы тараптан соксо, ошол тарапка жалп эткен саясий серепчилер бар. Бийликтин көзүн карап, ошол жактан кандай көрсөтмө же белги берилсе, тажабастан, анан эң негизгиси уялбастан тамактары кургап калганча обон созушат.

Кечээ бирди, бүгүн бирди айтып жатам, элге шерменде болдум го деп ойлошпойт. Дал ушундай серепчилердин көч башында Бакыт Бакетаев деген эргул турат. Коомчулук деле бул адамдын күн тийген жердин күкүгү болгон чыныгы жүзүн жакшы билип бүтүштү.

Буга дейре экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жүргүзгөн саясатын мактап түгөтө алчу эмес эле, бүгүн короосуна таш ыргытып, Сооронбай Жээнбековдун арыгын чаап шымаланып жүрөт. Женден кончко куюлган анык эр экен.

Өкүнүчтүүсү, эл башчылары ушундай белимчилердин сөзүнө эрип-эпчип, ишенип алышканына күйөсүңда...

Булак: Фабула
 

Последние новости