www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл президенттен саясий эрктүүлүктү күтөт Алмазбек Атамбаев учурунда оппозициянын колдоосу менен бийликке келген, аны саясий элита колдоого алган. Деги эле оппозиция жалпы элдин колдоосуна ээ болгон. Муну таануу мүмкүн эмес. Бирок, эшеги ылайдан өтүп, бийликке келээр замат Атамбаев аны жактап-мактап, кубаттап келгендердин көпчүлүгүн иттен чыгарып койгон. Бул анын саясий жаңылыштыгы эле. Анын мамлекетте жүргүзгөн саясатына кайчы пикирин билдирген саясий лидерлер менен кармашып, алы да, акылы да жетпеген кезде саясий атаандаштыкта утулуп калбоо айласы менен кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, атаандаштарын темир тордун артына камоо менен алектенди. Уурулугу ачыкка чыга баштаганда, күч органдарын пайдаланып, парламентти чөгөлөтүп, куурчак парламентке айланты. Өзүнүн тегерегине кылмыштуу топту жакындатып, жеке мүдөөсү үчүн бийликке жакындатты.
Мунун кесепети менен мамлекеттик башкаруунун ашмалтайы чыгып, анархияга алып келди. Атамбаевдин көлөкөсүнөн өзгөчө категориядагы уурулардын тобу пайда болду. “Шоопур” баштаган жан сакчылар Атамбаевдин калканычы алдында, анын колу менен бийлик бутактарын ээлешип, өлкөдөгү ири кирешелерди алып келген тармактарга суук колдорун салып, материалдык зыяндарды алып келип жатышты. Бул Кыргызстан элинин ырыскысына балта чаап, кутун учурду. Атамбаевдик бийлик дагы созула берсе, өлкөдө жей турган, уурдай турган жер калмак эместей туюлат. Алкы бузулган Атамбаевдин жүзү бийликтен кеткенден кийин чындап ачылып, уурулук фактылары ашекереленүүдө. “Датка – Кемин“ электр линиясына, Ош-Бишкек жолуна, БЖЭ жана Электр станцияларына байланыштуу күмөн жараткан түйүндүү маселелер, “Кумтөр” аркылуу миллиардга чейин долларлык каражаттарды мойсогону, “Газпромду” бир долларга сатып элди көз карандылыкка түрткөнү, тендер акрылуу миллиондогон доллар каражаттарын жок кылууга күйөө баласы менен баласынын катыштыгы, Орловкадагы «Алтын Кен» компаниясынан жең ичинен уурдалган акчалар, “Жерүй” кенин тымызын сатканы, “Манас” аэропортуна байланыштуу былыктары, Дача-Суудагы авария, “Дастан” заводунун тегерегиндеги чуулган, мамлекеттик мүлк фондусунан жүздөгөн миллион сомдордун сол чөнтөккө солонушу, жерлерди басып алганы, Бажы тармагындагы миллиарддаган долларлардын уурдалышы мындан башка дагы толгон-токой көрүнөө дагы, көмүскөдө дагы кылмыш иштери терең анализденип, тергелип, тиешелүү укуктук баа берилип, жоопкерчиликке тартылышы керек.
Албетте, Атамбаев жалгыз өзү бул коррупциялык схеманы түзүп, ири өлчөмдөгү каражаттарды уурдай алмак эмес. Учурундагы башкы прокурор Аида Салянованын, андан кийин башкы прокурорлукка келген Индира Жолдубаеванын, ошол кездеги Жогорку Соттун жана Соттордун төрагаларынын, Атамбаевдин убагында иштеген ИИМ Министрлеринин, УКМКнын жетекчилери Абдиль Сегизбаевдин, Болот Сүйүнбаевдин, премьер-министрлердин ичинен өзгөчө Сапар Исаковдун анын уурулугун бекемдеп, кош колдоп кубаттоодогу жана ишке ашыруудагы ролдору чоң. Дагы бир тарыхый факт Атамбаев 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад коогалаңынын автору экендиги байма-бай айтылып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылып да келет. Канга боёлуп, укум-тукумуна чейин каргышка калган Атамбаев чек арадан өтүп келе жаткан он бир уйгурду сурак-жоопсуз аттырып таштаганы, түрмөдөн тогуз адам качканда сегиз адамды кыйнап өлтүргөнгө уруксат бериши аны өлкө башчысы катарында гана эмес, адам катарында дагы саноого ооз барбайт.
Ар бир факты боюнча мыйзамдык негизде Кыргызстан катышуучу болуп, ратификациялаган эл аралык адам укуктары жана эркиндиктери боюнча БУУнун конвенциялары баштаган жоболордун, чечимдердин, негизинде тергөө амалдары жүргүзүлсө, Атамбаевдин бет маскасы сыйрылып түшүп, чыныгы жүзү көрүнөөрү шексиз. Арийне, Кыргызстандын соңку тарыхында Атамбаевдин кылмыштуу изи турат. Жакында Тогуз-Тородо алтын ылгоочу комбинат өрттөлүп, райондук деңгээлде жалпы эл нааразычылыкка чыкты, ал эми бул нааразычылыкты уюштуруп, чагымчылыкка түрткөндөрдүн артында ошол кезде премьер-министр болуп турган Сапар Исаковдун кулагы көрүнүп турат. Орловкадагы “Алтын Кендин” жетекчилиги, “Кыргызалтын” ААКнын жетекчиси А.Алымбеков жана Тогуз-Торо районунун мурдагы акими Т.Идирисов жана анын түздөн-түз кийлигишүүсү менен Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, «Макмалалтын» кенинин уурулары өрттү уюштурушканына далилдер бар.
Бул кылмыштуу ишке жооп берчү убакыт келди. Тогуз-Тородогу окуянын чыгышына КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Тогуз-Торо мамлекеттик администрациясынын башчысы, областтык жана райондук деңгээлдеги күч органдары, областтык жана райондук прокуратура органдары дагы жоопкерчиликтүү, себеби, алтын ылгоочу комбинат бир күндө эле өрттөлүп кеткен жок. Эки тараптын тирешин көкүтүп, нааразылыктар күчөп, бара-бара социалдык жарылууга алып келди, ал эми жогоруда саналган органдар шалаакылык менен ортого отту бүркүп коюп, кайсы тараптан канча акча түшөт, кимиси канча пул берет деп күтүп, буктурмада өздөрүнө тиешелүү функцияны аткарбай убакытты созуу менен алектеништи. Негизинен өкмөттөгү айрым бир аткаминерлердин тымызын буйругун аткарып, жасалма нааразычылыктын андан ары өрчүшүнө жол беришти. Эми бул иш ушул бойдон калып, Өкмөттүн сценарийи менен көмүскө оюндар жүрө берсе, анда элдин ансыз да үрүл-бүрүл күйгөн ишеними жалп этип өчөт.
Жаңы түзүлгөн өкмөт бул ишти мурдагы нукка салбай, акты ак, караны кара деп калыстык менен териштирип, чечим кабыл алууга тийиш. Эл Президенттен дагы ушуну үмүт кылат. Ооба, эми Атамбаев шоопур, жан сакчы кошоматчылары менен талаада калды. Атамбаев уурдаган акчаларын чынын айтып, казынага төгүп, же болбосо, мамлекеттик тышкы карызына төлөп, элден кечирим суранса дагы, кечирим жок. Себеби, бул уурулуктун артында канчалаган бейкүнөө адамдардын көз жашы, канчалаган курмандыктардын төгүлгөн каны бар. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, Атамбаевдин кылмыштары чекесинен далилденип, ачыкка чыга баштады. Атамбаевди колдогон уурулардын дагы мыйзамсыз иштери ачыкка чыгууда.
Айталы, Аида Салянованын убагында 100 миң доллар пара алган Арпачиевдин, Индира Жолдубаева жетекчиси болуп, 200 миң пара алган Улан Чалбаевдин кыңыр иштери сөзүбүзгө далил. Президент Сооронбай Шарипович саясий туткундарды бошотушу керектигин учурда эл талап кылууда. Коңшулаш Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев Каримовдун убагындагы кызмат абалын пайдаланган ири ууруларга атайын түрмө уюштуруп, аларды камакка алып, уурдаган акчаларын толук төлөтүп, хан сарайларын мамлекетке конфискациялап, андан кийин гана бошотууга киришти. Элди бөлүп-жарып былгытып келген саясатчылар эми ал жакта бир дагы мамлекеттик кызматка иштей албайт. Кыргызстан эли дагы Сооронбай Шариповичтен ушундай акылмандыкты, ушундай чечкиндүү кадамды, саясий эрктүүлүктү күтөт.
Булак: NazarNews.kg