www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасы окшош болуп, кыздар такасы 3 см. бийик бут кийим кийбеши керек. Мектепте колдонулуучу уюлдук телефондор байланышуу максатында гана колдонууга ылайыктуу болуп, интернети бар смартфондорду пайдаланууга болбойт. Бул балдар арасындагы жик – жикке бөлүнүүгө алып келип, психологиялык өйдө – ылдый абалдын түзүлүшүнө түртөт. Мындай жагдайларды санап берген депутат Махабат Мавлянова бүгүн, 23-апрелде Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында өзү демилгелеген “КР жалпы билим берүү уюмдарында инсандын адеп –ахлагын жана интеллектуалдык өнүгүүсүн сактоо, окуудагы жетишүүсүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндөгү” КР Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун баяндап, анын максатын түшүндүрдү. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу жүрүшүндө токтом долбоорунда камтылган маселелер Билим берүү жана илим министрлигинин ички буйругу менен жөнгө салына турган маселе экендигин белгилеген Өкмөт өкүлү бул жааттагы сунуштарды дыкат иштеп чыгууга кошумча убакыт берүүнү суранды. Ошентип, аталган долбоор 1 ай аралыгында дагы такталып иштелип чыга турган болду.

Булак: NazarNew.kg

Последние новости