www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү ырчы Айгерим Расул кызы жолдошу менен ажырашканы тууралуу маалыматты расмий тастыктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жеке жашоосу тууралуу буга чейин ачык айтууну каалаган эмес. Бирок коомчулукта ар кандай талкуулар күч алгандыктан, так жооп берүүнү туура көргөн.

«Ооба, биз 2022-жылы расмий түрдө ажырашканбыз. Бирок андан кийин дагы көп жолу жарашканга аракет кылып жүрдүк. Жыйынтык чыкпаган соң эки ажырым жолго түштүк. Бул чечимге бир күндө келген жокпуз, жылдар бою кабыл алынган чечим болду. Баарын орду менен туура кабыл алдык. Азамат мыкты инсан. Эң башкысы, жакшы мамилени сактап калдык», — деген ырчы.

Ошондой эле ал коомчулукту эки тарапка тең сөз тийгизбөөгө чакырып, жашоодо баары Кудайдын буйругу менен болорун белгилеген.

Айгерим Расул кызы — Кыргызстандагы белгилүү эстрада ырчыларынын бири.

Последние новости