www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмү Нарын областынын  Жумгал районунда  2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүп, бир катар мүчүлүштүктөрдү аныктады.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлагандай, аудиттин жыйынтыгы боюнча баардык каржылык бузуулардын жалпы суммасы 68221,7 миң сомду түзгөн, анын ичинде 51114,4 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш болуп, 31786,7 миң сом калыбына келтирилген.

Каржылык бузуулар бюджеттин долбоорун түзүүдөгү жана ал менен бир убакытта түзүлүүчү документтерди түзүүдөгү бузуулар, бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн камсыздоо жана кайтаруу, каражаттарды максатсыз пайдалануу, мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана башкалар болгон.

Ошондой эле айрым айыл өкмөттөрдө жана муниципалдык ишканаларда бухгалтердик документтердин жоктугу аныкталып, материалдар укуктук баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлгөн.

 Аудиттин жыйынтыгы райондук администрациянын, айыл өкмөттөрдүн жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү. Мындан тышкары, аныкталган бузууларды жоюу боюнча жазма көрсөтмөлөр берилди.

Последние новости