www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов жуманын башында Башкармалыктын кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле облус аймагындагы шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө жер-жерлердеги ички иштер органдарынын жетекчилерине кызматтык милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу, коюлган тапшырмаларга кайдыгер мамиле кылбоо, иш кагаздарынын өз убагында, сапаттуу жана натыйжалуу аткарылышын камсыздоо боюнча бир катар милдеттер жүктөлдү.

Ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу, алардын кайталанышына жол бербөө жана кызматтык тартипти чыңдоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

 

Последние новости