www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда “BMW” үлгүсүндөгү автоунаа Бишкек–Ош унаа жолунда каршы тилкеге чыгып, башка жол кыймылынын катышуучуларына кооптуу абал жаратып бара жаткандыгы тартылган видео тасма тараган.
Бул факты боюнча ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, видеодо көрсөтүлгөн айдоочу аныкталып кармалды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочуга жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн укук бузуу жөнүндө протокол толтурулду. Ошондой эле автоунаага мурда төлөнбөгөн айыптар бар экендиги аныкталып, бардык айып төлөмдөрү жеринде толук төлөндү.
Мындан сырткары айдоочу менен түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп, ага жол кыймылынын эрежелерин так сактоо боюнча атайын жол эрежелеринин китеби тапшырылды. Мындай мыйзам бузуулар мындан ары кайталанбашы керектиги эскертилди.