www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Адил Нефтулаев үй камагына бошотулду.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-мартта чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Атайын кызмат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду, башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Адил Нефтулаевди жана автомектептин директорун коррупциялык схема түзгөн деген шек менен 19-февралда кармаган. УКМКнын маалыматы боюнча, алар машиналарга газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын каттоодо адамдардан мыйзамсыз акча алып турушкан.

Канатбек Кубатбеков февраль айынын аягында үй камагына чыккан.

Бул окуядан кийин 29-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов өз арызы менен кызматтан кетип, анын ордуна Жеңиш Жоробеков дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости