www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Президентинин Дипломатиялык кеңешчиси Бертран Бушвальтер менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-француз эки тараптуу кызматташуусунун кеңири чөйрөсү талкуулады.

2024-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду кеңейтүүгө эки тараптын тең даярдыгы ырасталган.

Өзгөчө көңүл 2023-жылдын 10-ноябрындагы Кыргызстан менен Франциянын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашырууга бурулду.  Ошондой эле Кыргызстандын Элчиси өлкөдөгү ички саясий өзгөрүүлөр жана реформалар тууралуу маалымат берди.

Элчи С.Шер-Нияз келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү аркылуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-агартуу мамилелерин мындан ары активдештирүүгө, ошондой эле быйылкы жылы Бишкекте кезектеги кыргыз-француз бизнес-форумун уюштурууга көңүл бурган.

Тараптар, франциялык компаниялардын Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, өзгөчө Кыргызстандын экономикасынын энергетика жана туризм тармагын өнүктүрүүгө катышуусуна оң баа берди.

Франциянын дүйнөнүн климатын жана экологиясын жакшыртуу аракеттерин эске алып, Элчи француз тарапка жашыл экономика тармагындагы долбоорлордун ордуна тышкы карызды кечүү маселесин кароону жыйынтыктоону сунуштады.

Тараптар терроризм жана аймактык коопсуздук боюнча да пикир алмашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости