www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаардык мэриясы тарабынан борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү максатында жарыяланган эки айлыктын алкагында Жогорку соттун Аппарат кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер Советтер Союзунун Баатыры Исмаилбек Таранчиев атындагы парктын аймагында тазалоо, көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштерин жүргүзүштү.
Ишембилик борбор калаанын санитардык абалын жакшыртууга, экологиялык маданиятты жогорулатууга жана шаарды жашылдандырууга багытталган демилгелерди колдоого арналды.
Жогорку соттун Аппарат кызматкерлери мындай иш-чараларга активдүү катышуу менен коомдук жоопкерчиликти арттырууга жана айлана-чөйрөнү коргоого өз салымдарын кошуп келишет.
Белгилей кетүүчү жагдай, аталган паркты ошондой эле Бишкек шаардык соту менен Биринчи май райондук сотунун Аппарат кызматкерлери тазалашты.