www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жаңы шайланган судья Эльмира Барыктабасованы жамаатка тааныштыруу боюнча салтанаттуу иш чара болуп өттү.

Расмий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев, жогорку сот органын түзгөн судьялар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов, ошондой эле соттун Аппаратынын кызматкерлери катышты.

Өз сөзүндө Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев жогорку сот инстанциясынын судьялык курамы тажрыйбалуу кесиптеш менен толукталганын белгиледи. Ал Эльмира Барыктабасованын сот тутумундагы көп жылдык эмгек тажрыйбасын, жогорку кесипкөйлүгүн жана адилеттүүлүк принциптерине болгон туруктуу берилгендигин өзгөчө баса белгиледи. Төрага анын ар кыл инстанциядагы соттордо, ошондой эле судьялардын өз алдынча башкаруу органдарында топтогон терең билими жана тажрыйбасы жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткарууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун окуп берип, жаңы шайланган судьяны дайындалышы менен куттуктап, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, кечээ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши көпчүлүк добуш менен Эльмира Барыктабасованы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматына шайлады. Конституциялык талаптарга ылайык ал Жогорку Кеңеште ант берди.

Иш-чаранын соңунда Медербек Сатыев Эльмира Барыктабасовага бекем ден соолук, кайраттуулук жана мыйзамга ак кызмат кылуусун каалады.

Последние новости