www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-июнда Жогорку сот казакстандык оппозиционер, активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди камакта калтыруу боюнча Бишкек шаардык соттунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” сотко катышкан кыргызстандык жарандык активист Адил Турдукулов кабарлады.

Казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган Муратбек Тунгышбаев азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Аны Казакстанга кайтаруу маселеси 19-июнда Октябрь райондук сотунда каралат.

Башкы прокуратура активистти Казакстанга кайтаруу тууралуу токтом чыгарып, бул укук коргоочулардын нааразылыгына себеп болууда. Активисттин адвокаты токтомго каршы арыз менен сотко кайрылган. Тунгышбаев Кыргызстандан качкын макамын сураганын жана анын арызы каралып жатканын Мамлекеттик миграция кызматы кабарлады.

Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев жана өкмөттүк эмес уюмдар Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырган - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости