www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Атамбаевдин тушунда кадрды туура эмес тандоо, “өзүмдүн короомдогу адам” деген принцип колдонулганы башаламандыктын негизги фактору болбодубу?
— Туура, кадр саясатында “өзүмдүн короомдогу” дебестен күчтүү, тажрыйбалуу кадрларды тандашы керек. Мурунку президент бир муунду жок кылып, ордуна тажрыйбасы жок жаш кадрларды алып келип алып, анысынын жыйынтыгы өз башына муш болуп тийди. Министр же губернатор болгондор ошол жерде эмне себептен олтурганын түшүнбөй иштеп кетишти. Башкы прокуратураны эле алайлы, Салянова баарын сындырды, талкалап кетти. Бүгүн оңдоо кыйынга туруп жатпайбы. Экономика министри кылып жаш баланы алып келип койду. Планшет көтөрүү анын күчтүү кадр экенин тастыктабайт. Күчтүү кадр болуп ошол тармактын баардык тепкичтерин басып өткөн адам эсептелет.
— Миллиарддап алынган насыялар максатсыз пайдаланганы бүгүн ачыкталып, алгачкыларынын колуна кишен салынды…
— Буга түздөн-түз ошол кездеги бийлик жооп берет. Кытай өлкөсү кредитти кыргыз чиновниктери уурдасын деп берген жок да. “Беларусь” деген телеканал бар. Ошол телеканалдан Лукашенконун кытайлыктардын кредити тууралуу айткан сөзүн көрдүм. Бизде жол салган кытайлык “Чайн Роад”, кредит берген Эксимбанк Белоруссияда иш кылат экен. Ал киши “Бизге кредит бергениңер үчүн ыраазыбыз. Бирок, кредитти алганыбыздан кийин өзүбүздүн экономикабызды өстүрүшүбүз керек. Кредитти берип, анын артынан өзүңөрдүн продукцияңарды, компанияңарды алып келип, акчаны кайра алып чыгып кетип, кредитке 2 пайыз үстөк кошуп бизди кайра карыз кылганыңар өтпөйт. Бизди келесоо деп ойлобогула. Берген кредитиңерге бул жерде өзүбүздүн жол сала турган ишканабыз, зым чыгара турган завод курулушу керек. Ошондо биз үчүн пайдалуу болот” деп айтты.
(уландысы бар)
Булак: Жаңы ОРДО