www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы кандай иштеди, өзүн-өзү таркатууга барган депутаттардын кийинки шайлоого катышууга моралдык укугу барбы деген айрым суроолорго жооп издеп, мурдагы депутаттарга кайрылдык.

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: – Эгерде Жогорку Кеңештин карай турган олуттуу маселелери калбаган болсо, бекер отургандан көрө тараганы жакшы болду. Экинчиден, мындай маселени жалгыз парламенттин депуттары чечпейт. Менимче бул президент менен талкуулап, андан кийин ушул жыйынтыкка келишкен. Үчунчүдөн болсо дайыма мөөнөтүнөн алдың президент жумушунан кетсе же Жогорку Кеңеш тараса, бул башка саясий күчтөрдүн шайлоого даярданганына тоскоолдук берет.

Таркаган депутаттардын бул кадамы өздөрү кайра келиштин алдын алышты окшойт.

Ал эми шайлоочулардын үнү, укугу менимче арткы орунда калган. Негизи өзгөртүлгөн мыйзам Жогорку Кеңешке тандалган адамдар келсе деген максатта жазылган. Пункттар түзүлгөн. Бир округдан 3 киши шайланат, анын экөөсү эркек, бирөөсү аял деп көрсөтүлдү. Эгер шайлоо мыйзамда жазылгандай так, ачык болсо, анда башка кеп. Андай болбосочу?

Мисалы, буга чейинки биз шайланып келген чакырылыштарда элдин ишенимине кирип келгенбиз. Азыр мурдакыдай чыныгы саясатчылар келбейт. Азыр талап башка. Анткени азыркы 300 миң сомго коюлган күрөө тандалган адамдар үчүн Жогорку Кеңештин эшиги ачык деген сөз.

Карапайым элдин арасынан чыккан ким 300 миң сомду төлөй алат? Муну чириген бай же коррупционер гана төлөй алат. Юристтер, экономисттер, мугалимдер доктурлар жана журналисттер же билимдүү, жөн эле карапайым адамдар парламентке келе албайт. Анткени аларда 300 миң сому жок.

Мындан тышкары 5000ге чейинки агитаторлорду үгүт иштеринде колдонсо болот деген сөз, бул шайлоочуларды кайра эле сатып алууга жол берет. Себеби талапкер 5000 үгүтчү алса, алар үй-бүлөсүнөн эле үчтөн эсептегенде 15 миңден 20 миңге чейин шайлоочусу бар деген сөз. Демек, бир эле үгүтчү үй-бүлөсү менен барып шайлап коет. Буга мен таң калдым. Айтор бул жерде жашырылган мыйзамдуу сатып алуу жатат.

Буга чейин 2023-2024-жылдары шайлоолорго катышканмын. Эмне үчүн коррупционерлер өтүп кетип жатат десем, мунун жашыруун сыры оңой эле экен. Көрсө, шайлоо комиссияларында добуш сатып алган адамдар иштейт экен.

Депутаттыкка талапкер акча берип шайлоо комиссиясынан тизмени алып шайлоо участкасына келгенде ар бир адам бюллетен алгандан мурун кол коюшат. Бул штабка барат. Ошол жерде бардык маалымат такталат. Муну штабдагылар дагы, шайлагандыгы үчүн акча алган жаран дагы билет экен. Бул система бар.
Ошондуктан бүгүнкү 300 миң сом күрөө коюп, 5000 үгүтчү алабыз дегени, шайлоонун тагдыры алдын ала чечилип коюлгандыгы. Шайлоо жарыялангандан кийин, кайра эле өздөрү келип калат. Ошондуктан мен бул шайлоонун таза болушуна ишенбейм. Шайлоочулар эске алынбаган, бир жолу пайдаланыла турган буюм катары көрүшөт.

Шайлоо мыйзамдарын мыкты билген инсан бул мыйзамды Конститутциялык сотко берип жокко чыгарыш керек. Бул жерде шайлоочулардын эмес, “анык депутат болом” дегендердин кызыкчылыгы.

Исхак Масалиев, дептутат: – Парламенттин таркашына негиз, жүйөлүү себеп жок. Бул туура эмес болду. Ал эми кайрадан келебиз деген сөз ниет. 90 депутаттан кайра 20сы келиши мүмкүн.

Адахан Мадумаров, экс-депутат: – Парламенттин өзүн-өзү таркатуусу үчүн белгилүү негиздери керек. Эмне себептен экендиги боюнча элге түшүндүрмө болушу зарыл. Тура калып эле Жогорку Кеңеш биз тарайбыз деп жатса “эмне себептен” деп суроо берчү бир киши болгон жок. Экинчиден, өздөрү демилгеледи дегенге ишенбейм. Муну жогорку жактан ишарат же буйрук деп билиш керек. Бир жылдык мөөнөтү турганда кезексиз таркап кетишине эмне негиз болгондугун кол коюп, демилгелеген азаматтар түшүндүрүп бериш керек. Президенттик жана парламенттик шайлоонун экөөнүн ортосундагы убакыт аралыгы кыска экен деп айтылган сөздөр жүйөгө кирбейт.

Нилуфар Алимжанова, депутат: – Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатышына мамлекеттик коопсуздук, стабилдүүлүк жана экономикалык себептер каралды. Анын үстүнө удаа келген президенттик жана парламенттик шайлоолордун аралыгынын жакындыгы. Ошон үчүн биз туруктуулук үчүн өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюшубуз керек. Анын үстүнө дүйнөлүк геосаясий кырдаал курчуп турган кез. Ошондуктан парламент саясий чечим кабыл алды.

Булак: "eurasiatoday.ru"

Последние новости