www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 2-май күнү жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен саат 19:30 чамасында Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел жүрдү. Табигый кырсыктын натыйжасында сел суулары айрым турак үйлөргө жана короо-жайларга кирип, Ак-Сай айылындагы 35/10 кВ «Самаркандек» көмөк чордонунан чыккан  Самаркандек аба чубалгысында 3 даана электр мамычасын сел алып, электр энергиясын  берүү  үзгүлтүккө учураган. Мындан улам аймактын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн.

«КУЭТ» ААКнын филиалы – Баткен электр тармактар ишканасынын Баткен райондук электр тармактары тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иштери ыкчам уюштурулуп, күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Адистер түнү бою иш алып барып, Самаркандек айыл аймагында үзгүлтүккө учураган электр энергиясын толугу менен калыбына келтирилди

Учурда Ак-Сай  айылында 10 кызматкер, 2 техника күчөтүлгөн тартипте  иш алып барып, сел алып кеткен электр мамычаларын кайра орнотуу, үзүлгөн зымдарды алмаштыруу жана электр тармактарын толук калыбына келтирүү иштерин тынымсыз улантышууда.

Тиешелүү кызматтар кырдаалды толук көзөмөлдө кармап, калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө.

 

Последние новости