www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран өкмөтү жана орусиялык «Росатом» корпорациясы 25 млрд долларлык жаңы келишим түздү. Ага ылайык, Россия Ирандын Хормозган провинциясындагы Сирик шаарында төрт заманбап атомдук энергоблок курат. Бул тууралуу ирандык IRNA жана Mehr агенттиктери маалымдады.
Жаңы долбоор Ирандын энергетикалык көзкарандылыгын азайтып, электр кубатын кеңейтүүгө багытталган. Ал эми Россия үчүн бул ири келишим — аймактагы өзүнүн таасирин күчөтүүнүн дагы бир жолу.
Учурда Иранда Россиянын катышуусу менен курулган «Бушер» атомдук станциясы иштеп жатат. Анын биринчи блогу 2013-жылы ишке берилген. 2016-жылы башталган экинчи жана үчүнчү блоктор дагы курулууда.
Энергетика тармагындагы бул кызматташтык Москва менен Тегерандын мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарып, региондогу геосаясий баланска да таасир этери күтүлүүдө.
Пайдаланылган булак: Next TV