www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту блогер Айбек Улановго карата өкүм чыгарды.
Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, алгач ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча айып тагылган. Бирок айыпталуучунун кызматтык абалын пайдалангандыгы тууралуу жетиштүү далилдердин жоктугуна байланыштуу иш Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнө квалификацияланды.
Сот жаза катары 100 миң сомду түзгөн айып пул салды.
Улановго карата бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, ал эч жакка кетпөө тил катынын негизинде сот залынан бошотулду.
26-майда Ош облусунда Айзирек аттуу аял өлтүрүлгөн: аны 20 жылдык жолугушуудан кийин күйөөсү атып салган. Тергөөдөгү маалымат боюнча, 1985-жылы туулган А.Б. Айзиректи кызганып, анын айынан үйдө чыр чыккан. Жубайлар беш балалуу болушкан, кылмыш болгон учурда А.Б. мас болчу.
Бул кылмыш коомчулукта резонанс жаратып, Уланов билдирүү жарыялаган.
«Эгерде аялыңыз 20 жылдыкта классташы менен жатканын билип калсаңыз, кандай реакция кылат элеңиз?», деп жазган ал.
Анын билдирүүсү сынга алынып, аны жоопкерчиликке тартуу талап кылынган. Уланов билдирүүсүн өчүрүп, кечирим сураган.
31-майда блогер милицияга жеткирилген. Анын дагы бир кечирим сураган видеосу жарыяланып, аны коё беришкен.