www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-июлда Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Ал 1948-жылы 19-декабрда Жалал-Абад облусунун Акман айылында туулган.
1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин комсомол комитетинин катчысынын орун басары болуп эмгек жолун баштаган. 2006-2007-жылдары «Реформалар үчүн», «Бириккен фронт» коомдук кыймылдарынын координатору жана активдүү катышуучусу, ал эми 2008-2010-жылдары саясый эмигрант катары АКШда жашаган. Кыргызстан демократиялык кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири. «Депутаттык азилдер» аттуу саясый сатиралардын жыйнагынын автору. 2010-жылдын октябрь айында «Ата Мекен» партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.