www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурдагы жаңы шайланып келген депутаттардын арасында элдин көйгөйүн, акыйкатты тайманбай айта ала турган депутаттар саналуу. Керек болсо, санай келсең беш манжаң жумулбай калат.
Ошол колго илине турган ырыстуулардын сап башында Элвира Сурабалдиева бар. Буга дейре Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында депутат болуп шайланып, кыска убакыт ичинде акыйкатты айта алган сынчыл көз караштагы эл өкүлү катары аброй тапты. Натыйжада, кайрадан элдин колдоосуна ээ болуп, өз округунан биринчи болуп келди.
Чынында көтөргөн маселелери, өз оюн ачык айткандыгы менен парламенттеги башка депутаттардан айырмаланып турганы шексиз.
Бул чакырылышта дагы элдин үнү болуп, калыстыкты, чындыкты айтып, жигердүү, активдүү болсо жылдызы дагы жанары бышык.