www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2025-жылдын 25-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан IV Элдик курултайдын ишине катышууда. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Курултайга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.
Ошондой эле курултай эки күнгө созулуп, ага 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 690 делегат катышууда.
Мындан сырткары, курултайга 68 делегат Кыргызстанда жашаган ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү чакырылган.
Курултайда сөз сүйлөгөн Президент Садыр Жапаров мамлекеттүүлүгүбүздүн эң маанилүү тирөөчтөрүнүн бири сот системасынын өнүгүүсүнө токтолду.
“Сот системасы жөн гана бийликтин бир бутагы эмес. Ал – адилеттүүлүктүн, калыстыктын соңку инстанциясы, мамлекет менен коомдун ортосундагы ишенимдин өзөгү. Сот бийлигиндеги адилетсиздик мамлекеттин алсыз, коррупциялашкан, артта калган өлкө экендигин айкын көрсөтөт. Эгер чындыкты ачык айтсак, элде соттордун ишине нааразычылыктар өтө көп болуп келген.
Негизинен алганда Сот – мыйзамдын жоокери. Ал бир эле учурда катаал да, адилет да, калыс да, ошол эле учурда адамгерчиликтүү да болушу шарт. “Сот болоттой муздак, бирок устаттардай даанышман болуш керек” деп бекеринен айтышпаса керек.
Биз сот системасын жаңылоо багытында да олуттуу иштерди жасадык. Соттордун айлыгын бир топ көтөрдүк. Мамлекет сотторго көз карандысыз болууга жана көмүскө колдоо издебеген деңгээлдеги жашоого шарт түздү.
Эми ар бир сот ушул ишенимдин баасын билиши керек. Мамлекет өз милдетин аткарып, кадамын жасады, демек, сот корпусу элдин ишенимине татыктуу экенин далилдөөгө тийиш!
Коррупцияга, жашыруун келишимдерге, басым-кысымга орун жок. Чечимин саткан сот – мыйзамды гана эмес, кесиптештеринин абийирин да тебелеп, мамлекеттүүлүккө шек келтирет.
Сот тармагында иштеген ар бир кызматкердин эсине салгым келет, адилет жана чынчыл кызмат кылгысы келбегендерди системадан эле эмес, бардык келечектүү иштерге аралашкыс кылып тазалайбыз.
Мамлекет сот бийлигин мындан ары да чыңдоого аракет жасайт. Алардын адистигин жогорулатууга, татыктуу жашоого шарт түзүүгө жана сотторду ар кандай таасирлерден коргоого алууну улантат. Ушуга байланыштуу бардык сотторго кайрылам. Ойлонуңуздар, ар бир чыгарган чечимиңиздер мыйзамга гана таянсын. Унутпаңыздар, эл баарын көрүп-билип турат. Эл да тыянак чыгарат. Биздин ишибиздин эң жогорку баалоочусу элдин өзү экендигин унутпайлы!”, - деп белгиледи мамлекет башчысы Садыр Жапаров.
Белгилүү болгондой, кечээ 24-декабрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында министрликтер жана ведомстволор өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан шайланган делегаттарды кабыл алышкан. Алардын суроо-талабын угуу максатында театрдын фойесинде атайын аянтча уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту алыскы аймактардан келген IV Элдик курултайдын делегаттарынын суроо-талабын угуп, сот тутумуна байланышкан кайрылууларды каттады.
Келип түшкөн кайрылуулар каралып, такталган соң тиешелүү жооптор берилет.