www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айгүл Айдарова эл өкүлү болуп турганда депутаттын статусуна сыйбаган жоруктары менен коомдун көңүл чордонунда болгон.
Ырасында, карапайым жарандар аны мыйзам чыгаруудагы олуттуу демилгелери аркылуу тааныган жок. Натыйжада, элден эң көп сын уккан депутаттардын бири болду.
Чынында депутат катары коомдун, элдин көйгөйүн көтөрүүдө, интеллектуалдык билим деңгээли, тажырыйбасы жетишсиз экенин айгинеледи. Ошого карабастан кайрадан шайлоого аттанып, максатына жетпей ара жолдо калды.
Мындан улам буга дейре Адахан Мадумаровдун арты менен жарытпаган добуш алганына карабастан депутат болгону айкын болду. Бул жолу чыныгы даремети билинип, марага жетпей жыдыды.
Саясатчы үчүн эң чоң калыс – бул эл. Ошол себептен эл тараза, эл сынчы делет. Эл Айдаровага келгенде акыйкат тандоо жасашты.
Булак: NazarNews