www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиевдин төрагалыгы алдында парламенттин инклюзивдүүлүгүн баалоо боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.

Парламенттен кабарлашкандай, жумушчу топтун курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирди.

Алгачкы жыйынды ачып жатып, жумушчу топтун жетекчиси Медербек Алиев заманбап парламент – бул мыйзамдарды кабыл алуучу аянтча гана эмес, коомдун ар түрдүүлүгүн толук чагылдырган институт экенин белгилеп:

«Парламент канчалык ачык жана жеткиликтүү болсо, жарандардын ага болгон ишениминин деңгээли ошончолук жогору болуп, кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү жана институттардын туруктуулугу камсыздалат. Жогорку Кеңеш жогорку өкүлчүлүк орган катары ачыктык, адилеттүүлүк жана тең мүмкүнчүлүктөр стандарттарын түзүү боюнча өзгөчө жоопкерчиликке ээ», – деди.

Ошондой эле Төраганын биринчи орун басары инклюзивдүүлүктү баалоо боюнча аудит жүргүзүү демилгеси жөн жерден пайда болбогонун баса белгилеп, бул парламенттин теңчилик жана дискриминацияга каршы принциптерин бекемдөө боюнча туруктуу саясатынын логикалык уландысы экенин айтты.

«Жогорку Кеңештин ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросуна парламенттин инклюзивдүүлүк деңгээлине көз карандысыз жана кесипкөй баа берүү өтүнүчү менен кайрылуусу маанилүү институционалдык чечим болуп саналат. Бул биздин эл аралык стандарттарга берилгендигибизди, ошондой эле өз ишибизди ачык жана сынчыл талдоого даяр экенибизди көрсөтөт», – деди Медербек Алиев.

Анын айтымында, аудит учурдагы тоскоолдуктарды – ачык көрүнгөндөрүн да, жашыруундарын да – аныктоого, ошондой эле аларды этап-этабы менен жана реалдуу жол менен жоюу чараларын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

«Бул чаралар эл аралык стандарттарга жана мыкты эл аралык тажрыйбага негизделет, бирок Кыргызстандын улуттук контекстине ылайыкташтырылат», – деди.

Өз кезегинде жумушчу топтун мүчөсү, депутат Дастан Бекешев парламенттин инклюзивдүүлүгүн баалоо ар тараптуу болушу керектигин кошумчалады. Ал белгилегендей, Жогорку Кеңештин имаратынын майыптыгы бар адамдар үчүн физикалык жеткиликтүүлүгү тууралуу гана сөз болбошу керек, ошондой эле маалыматтык жана санариптик жеткиликтүүлүк сыяктуу маселелер да камтылышы зарыл. Бул маселелер майыптыгы бар жарандарга да, ошондой эле майыптыгы бар депутаттарга да тиешелүү.

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Демократиялык башкаруу жана гендердик маселелер бөлүмүнүн башчысы Юлия Нетесова жыйындын катышуучуларына эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен парламенттин инклюзивдүүлүгүн баалоонун методологиясын тааныштырып, негизги багыттар тууралуу маалымат берди. Ал биргелешкен иш Жогорку Кеңештин бардык жарандар, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу багытында олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.

Андан соң жумушчу топтун мүчөлөрү уюштуруучулук маселелерди талкуулап, алдыдагы иш планы боюнча пикир алмашышты.

Последние новости