www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка чакырылган коноктор катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев Аталар күнүн белгилөө тууралуу мыйзам долбоору алгач коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратып, айрымдар тарабынан четке кагылган учурлар да болгонун билдирди. Бирок кызуу талкуулардын натыйжасында демилге эл өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып, кийинчерээк мамлекет башчысы кол койгонун маалымдады.

«Бул чечим атанын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ордун таанууда маанилүү кадам болду. Биз кыргыз элинин үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана салттарын сактап, баркташыбыз зарыл. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө айрым эркектер ата болгонуна карабастан балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жаткан жагдайлар кездешүүдө. Калкыбызда атанын орду ар дайым өзгөчө болгон. Ата – үй-бүлөнүн башчысы катары балдарынын жана бүтүндөй үй-бүлөнүн бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик тарткан инсан», — деп белгиледи Медербек Алиев.

Депутат Гүлнара Баатырова иш-чаранын катышуучуларын куттуктап жатып, ата үй-бүлөнүн ишенимдүү таянычы экенин билдирди. Эл өкүлү ошондой эле, атанын жанында бала өзүн ишенимдүү сезерин, кыйынчылыктарды жеңүүгө жана өз күчүнө таянууга үйрөнөрүн айтып: «Үй-бүлө ар дайым коомдун негизи болуп келген. Ал эми ата андагы негизги ролдордун бири болуп саналат. Атанын ордун урматтоо менен биз бир гана үй-бүлөнү эмес, жалпы коомду да бекемдейбиз», — деди.

Салтанаттын жүрүшүндө катышуучулар мындай иш-чараларды өткөрүү үй-бүлө институтун чыңдоого, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга жана ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти. Муну менен катар атанын үй-бүлөдөгү ролу өзгөчө мааниге ээ экени айтылып, ал коргоонун, колдоонун жана акылмандыктын булагы экендиги кошумчаланды.

Последние новости