www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жана үч министрдин кызмат орундарына көрсөтүлгөн талапкерлерди дайындоого макулдук берүү маселелери каралды.

Жыйында талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш Жумгалбек Шабданбековду Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна, Акыл Токтобаевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, Урматбек Шамыркановду өзгөчө кырдаалдар министри, ал эми Талантбек Солтобаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызматтарына дайындоого макулдук берди.

Последние новости