www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылы Баткен облусунда беш айыл чарба багытындагы ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар:
1 күрүчтү кайра иштетүүчү,
1 өрүктү кайра иштетүүчү,
3 мөмө жемиштерди муздатып сактоочу ишкана.
Кайра иштетүүчү ишканалар
Бүткүл Дүйнөлүк Банктын каржылоосу жана АРИС уюмунун колдоосу менен “Аймактык экономикалык өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында "Ак-Турпак Групп" ЖЧКсы тарабынан күрүчтү кайра иштетүү цехи ачылып, 18 млн 100 миң сомдук керектелүүчү атайын жабдуулар алынды.
1 комбайн, 2 трактор, 2 жүк ташуучу жана 2 таңгактоочу жабдуулар, 1 күрүчтү тазалоочу жабдуу. Бүгүнкү күндө цех пайдаланууга берилип, 5 жаңы жумуш оруну түзүлдү.
-Баткен районунун Самаркандек айылында өрүкту жана башка мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана пайдаланууга берилген. Жеке ишкер 160 000 доллар инвестиция салган. Жумушчу орундарынын саны 10ду түзөт.
Муздатып сактоочу жайлар
Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылындагы логистикалык борбору пайдаланууга берилди. Кубаттуулугу 350 тонна, долбоордун сметалык баасы 22,0 млн сом. Аталган курулуш Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен курулду.
Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы 50 га өнөр жай зонасынан 1 га жер аянты ажыратылган.
Мөмө жемиштерди тоңдуруп сактоочу цехтин курулуусуна Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 5млн 860 миң, Төрт-Гүл айыл өкмөтү тарабынан 2 млн 161 миң сом, КOICO Эл аралык уюму тарабынан 14,0 млн сом каралып имараттын курулушу толук аягына чыгарылган.
Азыркы учурда 500 тонна мөмө жемиштерди сактоого ылайыкташкан. 10 жумушчу оруну түзүлгөн. 500 тонна ак өрүк, андан кийин 130 кургатылган өрүк сактоого киргизилген. Азыркы учурда 10 тонна алма бар.
Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылында мөмө жемиштерди сактоочу жайдын курулушу бүтүп пайдаланууга берилген. Сыйымдуулугу 170 тонна Жеке ишкер ишкананын курулушуна 7000 000 сом инвестиция салган. Сезон мезгилинде 20га чейин жумушчу иштейт.