www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында мыйзамсыз аңчылыкка жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейддер коруктун мамлекеттик инспекторлору тарабынан өткөрүлүп, аймактагы жапайы жаныбарлар дүйнөсүн, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдү коргоого багытталган.

Өзгөчө көзөмөл мыйзамсыз аңчылык фактыларын алдын алууга, курал-жарак жана тыюу салынган шаймандарды колдонууга бөгөт коюуга, ошондой эле жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу аракеттерин аныктоого бурулууда.

Министрлик жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тартибин так сактоого жана мыйзам талаптарын бузбоого чакырат.

Последние новости