www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана Билим берүү, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин демилгеси менен «Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү» темасында илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары менен мамлекеттик органдардын жетекчилери, окумуштуулар менен адистер, эл аралык уюмдар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишкеев биздин алдыбызда азыркы ааламдашуу доорунда улуттук баалуулуктарды сактап калуу жана аны андан ары өркүндөтүү милдетин коюп жатканынын баса белгиледи. «Жаратылыш өзүнчө бир татаал тутум, ал өзүн-өзү түздөп турат, андагы башаламандык бара-бара кандайдыр бир тартипке түшөт. Мындай кубулушту жандап жүргөн салттуу билим дагы өз маанисин барган сайын кеӊейтип турат», - деп, ал адам баласы дагы мындай өзгөрүүлөрдөн сырткары калбай турганын кошумчалады.

Ал эми Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кыргыз парламенти башынан эле адам баласынын, анын ичинде кыргыз элинин материалдык эмес баалуулуктарды сактап калуу жана өнүктүрүү маселесине өзгөчө көӊүл буруп келгенин, эл өкүлдөрү мындай өтө маанилүү маселеге мындан ары дагы колдоо көрсөтүлө бере турганын айтып, илимий конференциянын катышуучуларын улуттук баалуулуктарды өнүктүрүү жолдорун талкуулоо жүрүмүнө жигердүү катышып берүүгө чакырды.

 

Последние новости