www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки бельгиялык альпинисттин сөөгү Швейцариянын Альп тоолорундагы Трифт мөңгүсүнүн эришинен кийин табылды. Алар 34 жыл мурун дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу 19-августта жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен CBS News телеканалы кабарлады.

«26-июлда бир турист Италиянын чек арасына жакын жайгашкан түштүк Швейцариядагы мөңгүдөн эки адамдын сөөгүн тапканын билдирген. Сөөктөрдүн өздүгүн аныктоо үчүн алар Сион шаарындагы Валлис ооруканасынын соттук-медициналык институтуна жеткирилген. ДНК профилдерин түздөн-түз салыштыруу алардын 1992-жылы дайынсыз жоголгон эки альпинист экенин расмий түрдө тастыктады», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, алар дайынсыз жоголгон учурда 39 жана 41 жашта болушкан. Полициянын билдиришинче, тоолордогу мөңгүлөрдүн артка чегиниши жана эриши ондогон жылдар мурун жоголуп кеткен адамдардын сөөктөрүн табууга мүмкүнчүлүк берип жатат.

Последние новости