www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-октябрда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана парламенттин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Акыйкатчынын 2025-жылы Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндамасы каралды.
Акыйкатчы Джамиля Джаманбаеванын маалыматына ылайык, 2025-жылы институтка жалпы 9672 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 7429 жаранга оозеки укуктук кеңеш берилсе, 2243 кайрылуу жазуу жүзүндө түшкөн. Мындан тышкары, «115 Шыр байланыш» кызматы аркылуу 3954 адам кайрылган.
Отчеттук мезгилде институт тарабынан 141 чара көрүү актысы жөнөтүлүп, алардын 122си аткарылган. Алар негизинен саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына багытталган.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар жарандардын кайрылууларын кароо, медициналык кызматтардын сапаты, мигранттардын балдарынын укуктары жана санариптик чөйрөдөгү кибербуллинг, киберсталкинг сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Комитет төрайымы Гульнара Акимбаева соттук отурумдардын өз убагында башталбай жатканына көңүл бурду. Анын маалыматына караганда, Акыйкатчы институту мониторинг жүргүзгөн 270 соттук отурумдун 44,4 пайызы белгиленген графикти бузуу менен башталып, 41,5 пайызы ар кандай себептерден улам кийинкиге жылдырылган.
Талкуунун жыйынтыгында комитет Акыйкатчынын баяндамасын депутаттардын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен кабыл алды.
Ошондой эле жыйында «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда колдоого алынды.