www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Кыргызстандын айрым аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн.
Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот.
Ал эми Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21°, күндүз +32…+37°;
Таласта түнкүсүн +12…+17°, күндүз +29…+34°;
Ош облусунда түнкүсүн +17…+22°, күндүз +32…+37°;
Жалал-Абадда түнкүсүн +17…+22°, күндүз +32…+37°;
Баткенде түнкүсүн +17…+22°, күндүз +32…+37°;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16°, күндүз +23…+28°;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12°, күндүз +24…+29°.
Бишкек шаарында түнкүсүн +19…+21°, күндүз +34…+36° жылуу болот.