www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Караколдогу жаныбарларды реабилитациялоо борборунда төрт Орто Азия таш бакасы камкордукка алынды. Бул тууралуу аталган борборду жана зоопаркты караган «Бугу Эне» коомдук фонду билдирди.
Алардын экөөнүн кабыгы жабыркаган. Фонддун маалыматы боюнча, бир таш баканы иттер, экинчисин балдар сүйрөшкөн.
Дагы эки таш баканы (бир ургаачы, бир эркек) бир канча убакыт үй жаныбары катары баккан адамдар фондго өткөрүп беришкен. Түшкөн жаныбарлардын биринин, тактап айтканда эркегинин тумшугу аябай өсүп кеткен.
Фонддун түшүндүрүүсүнө караганда, мындай көрүнүш туура эмес рациондон жана зат алмашуунун бузулушунан улам болушу мүмкүн.
Өсүп кеткен тумшугу таш баканын тамакты алып жегенине тоскоолдук кылгандыктан, аны кесип салуу керек болот.