www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Улуттук контртеррордук борборунун башчысы Жо Кент кызматтан кетип, мындай чечимге Иранга каршы согуш себеп болгонун билдирди.
Дональд Трамптын администрациясында террорчулукка каршы күрөштү координациялаган 45 жаштагы Кент Ак үйдү "багытын өзгөртүүгө" чакырды.
Жо Кент Трамптын командасынын мүчөсү жана көптөн берки тарапкери болчу. Улуттук контртеррордук борбордун башчысы кызматына Кенттин талапкерлигин өткөн жылдын июль айында АКШнын Сенаты жактырган.
Кент Трамптын администрациясында АКШ менен Израилдин Ирандагы операциясын ачык сындап чыккан жогорку даражалуу кызматкер болуп калды.
Кент Трампка кат жазып, аны Х тармагына жарыялады. Катта мындай деп айтылат: "Иран биздин өлкөгө тикелей коркунуч жараткан эмес, биз бул согушка Израилдин жана анын Америкадагы күчтүү лоббисинин кысымы алдында кошулганыбыз айдан ачык. Мен Ирандагы уланып жаткан согушту таза абийир менен колдой албайм", - деп жазды.
Трамп Кенттин кызматтан кетишин: "Мен анын билдирүүсүн окудум. Аны жакшы адам катары тааныйм. Бирок коопсуздук маселелеринде өтө эле чабал деп эсептеп келгем. Мен анын билдирүүсүн окуганда, мындай адамдын кызматтан кеткени жакшы болгонун түшүндүм, себеби ал "Иран коркунуч жараткан эмес" деп айтты. Иран коркунуч жаратууда жана бардык өлкөлөр Иран канчалык коркунчтуу болгонун түшүнүп турушат", - деп билдирди.