www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМКларда Кыргызстанда TikTok жабылары жазылууда

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет провайдерлерине TikTok платформасын чектөө боюнча кат жөнөткөн. Бул тууралуу бир нече маалымат агенттик жазып чыкты.

Маалыматта Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына УКМКдан тиешелүү кат келип түшкөнү белгиленди. Анда TikTok платформасынын кыргыз сегментинде тагыраагы “балдардын маалымат мейкиндигинде” тиешелүү деңгээлде көзөмөл жок экендиги айтылган.

УКМК “Балдардын ден соолугуна, психикасына, руханий жана адеп-ахлагына зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамга шилтеме кылган.

“Балдардын ден соолугуна, алардын интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирбөө максатында, УКМК Кыргыз Республикасынын аймагында TikTok маалымат кызматына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөнү жана 2024-жылдын 18-апрелине чейин жазуу түрүндө жооп берүүнү өтүнөт”, — деп айтылат катта.

Расмий органдар бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да элек.

Булак: NazarNews .lg

Последние новости