www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Ысык-Көл облусундагы эки күндүк иш сапары Түп районунда жыйынтыкталды.

Алгач Төрага Кең-Суу айылында жайгашкан Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы орто мектепке барып, мугалимдер жамааты менен баарлашты. Ошону менен катар улуу калемгердин атын алып жүргөн билим берүү жайынын жаңы имаратын көрүп, окуучуларга түзүлгөн шарттардан кабар алды.

Андан соң Төрага баштаган депутаттар Сары-Тологой айылында болуп, ирригация жана таза суу объектилеринин абалынан кабар алышты. Белгилүү болгондой, быйыл тиешелүү документтери бүткөрүлсө Түп дарыясынын жээктерин бекемдөө, коргоо жана калыбына келтирүү боюнча инженердик иш-чараларды жүргүзүү жумуштары башталат.

Ал эми таза суу маселеси боюнча айтсак, Түп районунда жалпы 37 калктуу конуш бар, алардын 31инде суу менен камсыздоо маселеси чечилген. Калган 6 айыл да тиешелүү тизмеге киргизилип, быйыл Корумду айылын суу менен камсыз кылуу пландалууда.

Төрага Марлен Маматалиев калкты таза суу жана сугат суу менен камсыздоо иши жигердүү уланышы керектигин белгилеп: “Бул калктын саламаттыгын чыңдоого гана өбөлгө түзбөстөн, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөдө чоң мааниге ээ. Айрыкча сууларды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу маселеси өлкөнүн экологиясын сактоого да өбөлгө түзөт”, – деди.

Ошондой эле иш сапарынын алкагында Көөчү айылындагы “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмун жана Бирлик айылындагы жергиликтүү мектепти да көрүп чыккан Төрага коштоп барган тиешелүү жетекчилерге 1968-1969-жылдары салынган авариялык абалдагы бул имараттарды жаңылап куруу тапшырмасын берди. Анын ичинен мектептин курулушун быйыл сентябрда баштоого чакырды.  

Мындан тышкары, Түп районунда да салттуу жолугушуу өткөрүлүп, Марлен Маматалиев баштаган депутаттар жергиликтүү тургундар менен кеңири баарлашты.

Анда аймактагы негизги социалдык-инфраструктуралык маселелер айтылып, айрыкча жол, мектеп, бала бакча, оорукана, кадр жетишсиздиги өңдүү көйгөйлөр курч экени байкалды.

Эки күн бою үч райондо айрым социалдык-өндүрүштүк мекемелердин ишинен кабар алып, көйгөйлөрдү жеринде көрүп чыкканын айткан Марлен Маматалиев жолугушууда бул айтылган бардык маселе боюнча тийиштүү иштер алып барыларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Төраганы “Элдик” депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев, депутаттар Гүлкан Молдобекова, Улукбек Узакбаев, Табылды Муратбеков жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү коштоп барды.

Последние новости