www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын районунун аймагында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу шаймандарды аныктоо максатында “Арсенал” аталыштагы ыкчам издөө жана алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө жүргүзүлгөн алдын алуу жана ыкчам иштердин натыйжасында уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз сакталган 1 даана сайлуу ок атуучу курал аныкталып алынды. Мындан сырткары, жаран тарабынан өз ыктыяры менен 1 даана сайсыз ок атуучу курал тапшырылды.

Ошондой эле тейлеген аймактарда курал ээлеринин, ошондой эле уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын карамагындагы ок атуучу куралдар толук инвентаризацияланып, алардын сактоо шарттары текшерилүүдө.

Мындан тышкары, курал ээлеринин туугандары ички иштер органдарында алдын алуу каттоосунда турган учурларда, куралдарды сактоо шарттарына өзгөчө көңүл бурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө.

Урматтуу жарандар! Мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыруу мыйзам алдында жоопкерчиликтен бошотууга негиз болоорун эскертебиз. Коомдук коопсуздукту камсыздоого биргеликте салым кошолу!

Последние новости