www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 5-май – Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Конституция – бул мамлекетибиздин негизги мыйзамы гана эмес, эгемендүүлүгүбүздүн, демократиялык баалуулуктарыбыздын жана укуктук мамлекетти куруу жолундагы негизги багытыбыздын бекем пайдубалы болуп саналат. Ал ар бир жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кепилдеп, коомдогу туруктуулукту, биримдикти жана адилеттүүлүктү камсыз кылат.

Кыргызстандын Конституциясы элдин эркин, тарыхый тажрыйбасын жана келечекке болгон ишенимин чагылдырган өзгөчө маанилүү документ. Биздин милдет – анын талаптарын сактоо менен мыйзам үстөмдүгүн бекемдеп, мамлекеттик институттарды өнүктүрүп, жарандардын ишенимин арттыруу болуп саналат.

Кыргызстандын тарыхы -  айрымдар көрсөткүсү келгендей, саясий конъюнктурага жараша «Конституцияны кайра-кайра жазуу» тарыхы эмес. Бул - изденүүнүн тарыхы. Мамлекеттин туруктуу моделин издөө. Эркиндик менен тартиптин, укук менен жоопкерчиликтин, коомдун күтүүлөрү менен мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы тең салмактуулукту издөө. Бул изденүү оңойго турган жок. Ал ишеним кризистери, каталар жана кайра куралуулар аркылуу өттү. Бирок дал ушул себептен ал чыныгы, теориялык эмес, турмуштук сыноодон өткөн изденүү болду.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизинде Конституциянын принциптери бекем кармалып, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугу жана натыйжалуулугу жогорулап жатат. Жогорку Кеңеш да өз ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту, жоопкерчиликти жана эл алдында ачык болууну башкы багыт катары карманып, Баш мыйзамга шайкеш келген мыйзамдарды өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруп келебиз.

Урматтуу мекендештер!

Конституцияны урматтоо – бул ар бир жарандын ыйык милдети. Аны сактоо менен гана биз күчтүү, туруктуу жана өнүккөн мамлекетти кура алабыз. Баарыбыз мыйзамга баш ийип, коомдун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкондо гана Кыргызстаныбыздын келечеги кең болот.

Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак жана туруктуулук өкүм сүрө берсин!

Конституция күнүңүздөр кут болсун!", - деп айтылат куттуктоодо.

Последние новости