www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынын ачып жатып Төрага Марлен Маматалиев жакында эле Президент Садыр Жапаров менен жолугушканын жана өлкө башчысына парламенттин алдыдагы 5 жылга карата өнүгүү стратегиясы боюнча маалымат бергенин билдирди. 

Анын ичинен артыкчылыктуу багыттар, жасала турган реформалар тууралуу сөз кылган Төрага парламенттин ишин санариптештирүү саясатына өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

“Президенттин админстрациясында санариптештирүү саясаты ийгиликтүү болуп жатканын, чечимдер 10-20 эсе ыкчам жана тез кабыл алынарын өз көзүм менен көрдүм. Бул кезинде иштин натыйжалуулугун арттырууга да көмөкчү болорун байкадым. Муну менен катар адам ресурстарын туура пайдаланууга жана каражаттарды үнөмдөөгө чоң өбөлгө түзүп жатыптыр. Алсак, 2024-жылы эле санариптештирүүнүн натыйжасында 1 млрд 205 млн сом үнөмдөлгөн экен. Албетте, ушундай үнөмдөөлөр канчалаган социалдык мекемелерди салууга, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүүгө көмөкчү болот. Эми биз ошондой жаңыланууларды парламентте да ишке ашырышыбыз керек”, – деди Төрага. 

Тагыраагы, документ жүгүртүүдө жана мыйзам чыгаруу ишинде тонналап кеткен кагаздарды азайтып, депутаттарга керектүү маалыматтарды электрондук түрдө берүү маселеси каралып жатканын айткан Марлен Маматалиев бул үчүн жакынкы аралыкта ар бир депутатка бирден планшет берилерин маалымдады. 

“Анда төрт папка жайгаштырылып, биринде жалпы жыйындардын, экинчисинде тармактын комитеттердин отурумдарынын, үчүнчүсүндө депутаттык топтордун чогулуштарынын материалдары коюлса, төртүнчүсүндө ар кандай маселелер боюнча маалыматтар киргизилет. Бардыгы алдын-ала жума күнү берилет. Бул албетте иштин натыйжалуулугун арттырып, кайсы жерде болбосун материалдар менен таанышып, даярданып келүүгө өбөлгө түзөт”,– деди Төрага. 

Ошону менен катар тармактык комитеттердин жыйындарына маселе же суроо болуп калса деген жүйө менен көптөгөн кызмат адамдары чакырыларын мисал кылган Марлен Маматалиев эми ошол жагдайды да жөнгө салып, маселеге тиешелүү жетекчилердин жыйынга онлайн катышуусуна да мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн билдирди. 

Мындан тышкары, аймактагы шайлоочулар менен да онлайн баарлашууга керектүү шарттар камсыздаларын белгилеген Төрага Жогорку Кеңешке келгендерге да ыңгайлуу жагдай жаратуу менен максатында беш депутаттык топтун өз-өзүнчө коомдук кабылдамасы жана энелер бөлмөсү ачыларын кошумчалады.

Последние новости