www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурордун орун басары – Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору Ж. Исмаиловдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана башка аскер кызмат каралган мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында Куралдуу Күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган органдардын 2025-жылдын өткөн мезгилине карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары угулуп, аныкталган мыйзам бузуулар талкууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген «2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясын» өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу тапшырылды.

Мындан тышкары, аскер кызматкерлеринин арасында укук бузуулардын, уставдык эрежелерден тыш мамилелердин, өзүн өзү өлтүрүү фактыларынын алдын алуу маселелери каралып, бул багыттагы ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу чаралары талкууланды.

Последние новости