www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиясынын Хаж жана умра министрлиги умра сапарларын уюштурган чет өлкөлүк 1800гө жакын туристтик агенттик менен түзүлгөн келишимдердин аракетин убактылуу токтотконун билдирди. Бул агенттиктерге кемчиликтерди жоюу үчүн 10 күндүк мөөнөт берилди. Бул тууралуу www.arabnews жазып чыкты.

Мындай чечим тармактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын текшерүүнүн жыйынтыгында кабыл алынып, айрым компаниялар белгиленген талаптарга жооп бербегени аныкталган.

Министрлик бул чара жаңы визаларды берүү процессине гана тиешелүү экенин жана агенттиктерге ишмердүүлүгүн стандарттарга ылайык келтирүүгө жардам берүү максатын көздөөрүн белгиледи. Белгиленген мөөнөт ичинде талаптар аткарылса, келишимдер кайра күчүнө киргизилет.

Ошол эле учурда умра зыяраты үчүн жарактуу визасы бар же алдын ала брондоо жасаган зыяратчыларга көрсөтүлүп жаткан кызматтар өзгөрүүсүз улантылары айтылды.

Министрлик умра кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн ишин көзөмөлдөө, талаптардын аткарылышын камсыз кылуу жана зыяратчылардын укуктарын коргоо башкы артыкчылык экенин кошумчалады.

Последние новости