www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң-Таш тоосунда балдар үчүн кышкы эс алууну активдүү жана пайдалуу өткөрүүгө багытталган «Кышкы майрам – 2026» аттуу спорттук-массалык иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, катышуучуларга чың ден соолук, жакшы маанай жана сергек жашоо образын каалашты.

Спорттук майрамга Бишкек шаарынан 13 жаштан 15 жашка чейинки 400дөн ашуун бала катышты. Алардын арасында реабилитациялык борборлордун жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар болду.

Иш-чаранын алкагында дене тарбияны жайылтууга, саламаттыкты чыңдоого жана балдардын социалдашуусуна багытталган кыймылдуу спорттук оюндар жана эстафеталар уюштурулду.

Мындан тышкары, катышуучулар үчүн чыгармачыл жамааттардын концерттик номерлери, иллюзионисттердин көрсөтмө өнөрлөрү жана ар түрдүү интерактивдүү оюндар камтылган кызыктуу маданий-көңүл ачуу программасы тартууланды.

Майрамдын соңунда бардык балдарга эстелик белектер тапшырылып, жалпы сүрөткө түшүү уюштурулду.

Иш-чаранын уюштуруучусу катары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти чыкты.

Последние новости