www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министри Жаррах Жабер Аль-Ахмад Ас-Сабах менен телефондо сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Ж.Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы күчөп жаткан чыңалууга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун атынан боордош Кувейт элине чын жүрөктөн тилектештигин билдирди.
Тараптар аймактагы чыңалуунун тез арада турукташуусуна, дипломатиялык диалогдун калыбына келүүсүнө жана тынчтыкты бекемдөө үчүн конкреттүү чаралар кабыл алынарына үмүт артарын билдиришти.